Башкы беткеМаданиятМаданият министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча окуу семинары өттү

Маданият министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча окуу семинары өттү

Бүгүн, 26-июнда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинде коррупцияга каршы аракеттенүү маселелерине арналган окуу семинары өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын өкүлү Төлөгөн Нурбеков катышып, жаңы кабыл алынган коррупцияга каршы мыйзамдардын негизги жоболору жана алардын практикалык колдонулушу боюнча кеңири маалымат берди.

Семинардын жүрүшүндө «Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизги талаптары, кызыкчылыктардын кагылышуусун алдын алуу, коррупциялык тобокелдиктерди башкаруу механизмдери, ошондой эле коррупциялык фактылар тууралуу маалымат берген жарандарды жана кызматкерлерди коргоо маселелери талкууланды.

Ошондой эле министрликтин кызматкерлери коррупцияга каршы мамлекеттик саясаттын учурдагы багыттары менен таанышып, адистерге өздөрүн кызыктырган суроолорун узатып, тиешелүү жоопторду алышты.

Министрликтен белгилешкендей, мамлекеттик башкаруу системасында ачык-айкындуулукту камсыз кылуу, мыйзамдуулукту бекемдөө жана коррупциянын бардык көрүнүштөрүнө каршы келишпестик мамилени калыптандыруу багытындагы иштер мындан ары да улантылат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар