Башкы беткеМаданиятЧаткалда жаңы маданият үйү курула баштады

Чаткалда жаңы маданият үйү курула баштады

26-июнда Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Курулуш айылында жаңы маданият үйүнүн курулушуна мезгил кутучасын салуу аземи өткөрүлдү.

Иш-чарага Чаткал районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Алтынбек Сеңирбаев катышып, бул долбоор аймактын социалдык жана маданий өнүгүүсүнө олуттуу салым кошорун белгиледи.

Райондук администрациянын маалыматына ылайык, жаңы маданият үйүнүн курулушу мамлекеттин аймактарды өнүктүрүү саясатынын алкагында ишке ашырылып жаткан маанилүү долбоорлордун бири болуп саналат.

Объект пайдаланууга берилгенден кийин айыл тургундары үчүн маданий иш-чараларды өткөрүүгө, жаштардын чыгармачылык дараметин өнүктүрүүгө жана калктын эс алуусуна заманбап шарттар түзүлөт.

Долбоордун жалпы сметалык баасы 21 миллион 120 миң 612 сомду түзөт. Курулуш иштери Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фондунун каржылоосу менен жүргүзүлөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар