Башкы беткеКоом1-июлдан тарта кыргызстандыктар Орусияга жаңы тартип менен кирет

1-июлдан тарта кыргызстандыктар Орусияга жаңы тартип менен кирет

2026-жылдын 1-июлунан тарта чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар Орусияга кирүүдө «Госуслуги» жана «RuID» тиркемелери аркылуу алдын ала каттоодон өтүшү керек болот.

Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Алмаз Байбосов билдирди.

Анын айтымында, Орусияга иштөө, окуу же башка максат менен бара турган жарандар өлкөгө кирүүдөн кеминде 72 саат мурда атайын тиркеме аркылуу электрондук арыз тапшырууга милдеттүү. Арыз жактырылгандан кийин жаранга QR-код берилет жана ал чек ара көзөмөлүнөн өтүүдө көрсөтүлөт.

Өзгөчө кырдаалдарда, мисалы, жакын тууганы оор абалда болсо же каза болгон учурда, арызды Орусияга кирерден төрт саат мурда тапшырууга уруксат берилет.

Ал эми 6 жаштан 18 жашка чейинки балдар үчүн электрондук арызды ата-энеси же мыйзамдуу өкүлү берет. Бул үчүн алардын өздөрү да Орусияга кирүүгө жарактуу уруксатка ээ болушу зарыл.

«Госуслуги» жана «RuID» тиркемелерин App Store, Google Play, RuStore жана AppGallery платформаларынан жүктөп алууга болот.

Белгилей кетсек, аталган тиркеме өткөн жылдан бери эксперименттик режимде колдонулуп келген. Ошол эле учурда айрым укук коргоочулар жаңы тартипти сындап, анын ЕАЭБ алкагындагы келишимдерге жана чет өлкөлүк жарандардын жеке жана биометрикалык маалыматтарын коргоо боюнча эл аралык укуктук принциптерге шайкештиги боюнча суроолорду көтөрүп келишет.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар