Буга себеп нөшөрлөгөн жаан-чачын жана №7 тайфундун жакындашы болгон. Ага байланыштуу өлкөнүн 13 префектурасынан 2,23 миллион адамды эвакуациялоо тууралуу буйрук берилди.
Жапониянын өзгөчө кырдаалдар кызматтарынын маалыматына ылайык, тайфундун таасиринен улам өлкөнүн батыш аймактарында катуу жаан жаап, бир катар калктуу конуштарды суу каптады.
Кагосима префектурасында үч адам жабыркаганы кабарланса, Фукуока жана Кагосима префектураларында кеминде 25 имаратты суу басты. Ошондой эле Тюгоку жана Түндүк Кюсю аймактарынын айрым бөлүктөрүндө жер көчкү коркунучунун төртүнчү деңгээли жарыяланды.
Синоптиктердин маалыматына караганда, №7 тайфун учурда Амами аралынан болжол менен 230 чакырым түштүк-батышта жайгашып, түндүк-чыгышты көздөй саатына 15 чакырым ылдамдык менен жылып жатат. Тайфундун борборундагы шамалдын ылдамдыгы секундасына 23 метрге жетет.
Мындан тышкары, Япониянын түштүк тарабында №8 тайфун да катталып, ал саатына 30 чакырым ылдамдык менен жылууда. Адистер анын өлкөнүн түштүк жээктерине жакын өтүшү мүмкүн экенин эскертип, калкты сак болууга чакырышты.



