Бишкек шаарындагы «Алтын-Тамыр» акционердик коомунун ишмердүүлүгү менен жеринде таанышуу учурунда Кыргызстанда ветеринардык вакциналарды өндүрүүнү өнүктүрүү маселеси талкууланганын Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев маалымдады.
Ага ылайык, бул багыттагы иштер Президенттин тапшырмасынын негизинде ишке ашырылып, өлкөнүн биологиялык коопсуздугун чыңдоо, ветеринардык кызматтын натыйжалуулугун жогорулатуу жана импорттук вакциналарга болгон көз карандылыкты азайтуу максатын көздөйт.
«Алтын-Тамыр» ишканасы көп жылдык тажрыйбага ээ биологиялык өндүрүш мекемеси катары учурда ветеринарияда колдонулуучу 34 түрдөгү вакцина жана диагностикалык препараттарды чыгарууга мүмкүнчүлүк түзгөн. Акыркы жылдары ишканада өндүрүштүк база жаңыланып, илимий-техникалык потенциал сакталган.
Бүгүнкү күндө ишканада шарп, нодулдук дерматит, кутурма, күйдүргү, бруцеллёз, лептоспироз жана башка өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ооруларга каршы вакциналарды өндүрүүгө толук шарт бар. Өндүрүлгөн препараттар сапат, коопсуздук жана иммундук натыйжалуулук боюнча тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөрүлөт.
Алдыда өндүрүштү эл аралык GMP стандарттарына ылайык өнүктүрүү, заманбап лабораториялык жабдуулар менен камсыз кылуу жана өндүрүштүк кубаттуулукту кеңейтүү пландалууда. Натыйжада Кыргызстан ички рынокту ветеринардык вакциналар менен толук камсыздап гана тим болбостон, келечекте аларды экспорттоо мүмкүнчүлүгүн да түзүүнү көздөйт.
Адистер белгилегендей, бул иштер өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоого, мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө жана ветеринардык тармактагы көз карандысыздыкты бекемдөөгө маанилүү салым кошот.



