Конго Демократиялык Республикасында Эбола вирусунун жайылышы уланууда. Өлкөнүн Байланыш жана жалпыга маалымдоо каражаттары министрлигинин маалыматына ылайык, илдеттен каза болгондордун саны 304 адамга жетти.
Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 1155 адамдан Эбола вирусу тастыкталган. Алардын ичинен 138 бейтап айыгып чыкса, дагы 326 адам ооруканада жана карантинде дарыланууда.
Ошондой эле эпидемиянын очогу болгон Итури провинциясында иштеп жаткан француз дарыгеринен да Эбола вирусу аныкталганы маалымдалды. Учурда Конго менен Франциянын саламаттык сактоо кызматтары бул учурду өзгөчө көзөмөлгө алышты.
Оорунун мындан ары жайылышын алдын алуу максатында Конго Демократиялык Республикасы Эбола катталган аймактардан келген жарандар үчүн чек арадагы санитардык көзөмөлдү күчөтүп, өлкөгө кирүү эрежелерин катаалдаштырды.



