Башкы беткеПрезидентМамлекеттик катчы Жусуп Баласагын энциклопедиясынын мукабасын сынга алды

Мамлекеттик катчы Жусуп Баласагын энциклопедиясынын мукабасын сынга алды

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев Жусуп Баласагын тууралуу жарык көргөн беш томдук энциклопедиянын мукабасындагы сүрөттү сынга алды. Ал бул тууралуу Facebook баракчасына жазды.

Талкууга Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети чыгарган «Жусуп Баласагын энциклопедиясынын» мамлекеттик тилдеги беш томдугунун мукабасындагы сүрөт себеп болду.

Арслан Койчиев Жусуп Баласагынды өзүнүн элесинде башкача элестетерин айтып, анын келбети Муратбек Рыскулов, Сүймөнкул Чокморов, Толомуш Океев жана Тынчтыкбек Чоротегин сыяктуу адамдардын элесине жакыныраак болушу мүмкүн экенин белгиледи.

Социалдык тармактын колдонуучулары да мукабанын жасалгасына ар кандай пикирлерин билдиришти. Айрымдары Жусуп Баласагындын элеси 1000 сомдук улуттук банкноттогу сүрөттө алда канча ийгиликтүү берилгенин белгилешсе, кээ бирлери энциклопедиянын даярдалышына жооптуу адамдардын ишин кайра карап чыгып, китепти жаңы мукаба менен кайра басып чыгарууну сунушташты.

Ачык маалыматтарга ылайык, беш томдук «Жусуп Баласагын энциклопедиясы» 2025-жылдын февраль айында Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде «Университеттин 100 жылдыгына – 100 китеп» демилгесинин алкагында окурмандарга тааныштырылган. Энциклопедия профессор Аттокур Жапанов жетектеген чыгармачыл топ тарабынан даярдалган. Ар бир томдун нускасы 500 даанадан басылып чыккан.

Белгилей кетүүчү жагдай, Жусуп Баласагындын тарыхый жактан так сакталган портрети бүгүнкү күнгө чейин жок. Ошондуктан китептеги, эстеликтердеги же улуттук банкноттогу анын сүрөттөрү тарыхый эмес, сүрөтчүлөрдүн көркөм элестетүүсүнүн негизинде жаралган образдар болуп эсептелет.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар