Андижан шаарында 2026-жылдын 24-июнунда «Андижан – Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору – 2026» эл аралык долбоорунун расмий ачылыш аземи болуп өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Салкын Сарногоева катышты.
Ачылыш аземи ТҮРКСОЙ тарабынан уюштурулуп, түрк элдеринин маданий байланышын чыңдоо, орток тарыхый-маданий мурастарды сактоо жана кызматташтыкты өнүктүрүү максатын көздөдү.
Салтанаттуу иш-чара атайын ушул макам үчүн курулган Бабур багы амфитеатрында өтүп, ага түрк тилдүү өлкөлөрдүн маданият министрлери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун мүчөлөрү, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн белгилүү маданият жана искусство ишмерлери катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо кайрылуусу окулуп, Андижандын түрк цивилизациясынын тарыхындагы, маданиятындагы жана адабиятындагы өзгөчө орду белгиленди.
Ачылыш аземинин алкагында түрк элдеринин улуттук көркөм өнөрүн, чыгармачылык салттарын жана маданий мурастарын чагылдырган чоң концерттик программа тартууланды.
Ошондой эле салтанаттын жүрүшүндө «Андижан полькасы» бийин 20 миңден ашуун адамдын бир убакта аткарганы үчүн Guinness World Records тарабынан берилген расмий сертификат тапшырылды.




