Венесуэлада 24-июнда катталган эки ири жер титирөөнүн кесепетинен каза болгондордун саны 1450 адамга жетти. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук ассамблеясынын төрагасы Хорхе Родригес билдирди.
Анын айтымында, табигый кырсыктан улам кеминде 189 имарат толугу менен урап, жалпы 774 имарат ар кандай деңгээлде жабыркаган.
Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматына ылайык, учурда 50 миңге жакын адам дайынсыз болуп эсептелүүдө.
Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу иштерине 25 миңден ашуун куткаруучу, полиция кызматкери жана медицина кызматкери тартылган. Ошондой эле эл аралык жардамдын алкагында 2624 чет элдик куткаруучу жана бир катар мамлекеттердин адистери иш алып барууда.
Жер титирөөлөрдүн очогу Морон шаарынан 16 чакырым жана Сан-Фелипе шаарынан 24 чакырым аралыкта катталып, алардын күчү тиешелүүлүгүнө жараша 7,2 жана 7,5 магнитудага жеткен.
Кыйроолор өлкөнүн борбору Каракас шаарында, ошондой эле Миранда, Арагуа, Карабобо, Лара жана Яракуй штаттарында катталган. Эң оор зыян Ла-Гуайра шаарына тийип, анда кеминде 100 имарат толугу менен кыйраган. Учурда аталган аймак аскерлердин көзөмөлүнө өткөрүлдү.



