Башкы беткеКоомМанаста жаңы мектептер: Айрым подрядчы уюмдарга эскертүүлөр берилди

Манаста жаңы мектептер: Айрым подрядчы уюмдарга эскертүүлөр берилди

Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Жалал-Абад облусуна болгон иш сапарынын алкагында Манас шаарында курулуп жаткан мектептердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Министр объектилердеги курулуштун сапатын, колдонулуп жаткан материалдарды жана аткарылып жаткан иштерди текшерип, подрядчы уюмдарга курулуштун темпин күчөтүү, сапатты камсыз кылуу жана объектилерди белгиленген мөөнөттө пайдаланууга берүү боюнча бир катар эскертүүлөрдү берди.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасынын негизинде 2026-жылы Манас шаарында республикалык бюджеттин эсебинен жалпы алты жаңы мектеп курулууда.

Алардын катарында Ак-Тилек жаңы конушундагы 375 орундуу, Г. Мамбеталиев көчөсүндөгү 750 орундуу, Чолок-Терек айылындагы Т. Идирисова атындагы 375 орундуу, Манас проспектисиндеги 530 орундуу, ошондой эле Достук аймагындагы Б. Осмонов атындагы жана Ж. Болотова атындагы 375 орундуу мектептер бар.

Аталган билим берүү объектилеринин курулушу Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлиги тарабынан ишке ашырылып жатат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар