Башкы беткеМинистрлер кабинети«Кыргызнефтегаз» 14 чет элдик инвестициялык компания менен кызматташууда

«Кыргызнефтегаз» 14 чет элдик инвестициялык компания менен кызматташууда

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Манас шаарында күйүүчү-майлоочу май тармагына арналган жыйын өткөрдү.

Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү, ошондой эле мунай тармагында иш алып барган жеке компаниялардын жетекчилери катышты. Анда негизинен «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунун ишмердүүлүгү каралып, 2021–2025-жылдардагы жана 2026-жылдын алгачкы алты айындагы өндүрүштүк-экономикалык көрсөткүчтөрү тууралуу маалымат берилди.

Жыйындын жүрүшүндө мунай жана газ өндүрүү, бургулоо иштеринин жүрүшү, продукцияны сатуу көлөмү, кирешелер, төлөмдөр, активдер жана алдыдагы өнүгүү пландары талкууланды. Белгиленгендей, учурда «Кыргызнефтегаз» 14 чет элдик инвестициялык компания менен кызматташып, инвесторлор скважиналарды бургулоо жана капиталдык оңдоо иштерин өз каражаттарынын эсебинен каржылоодо.

Жыйындын соңунда Эрлист Акунбеков мамлекеттик ишканага жана жеке компанияларга өлкөнүн ички рыногун күйүүчү май менен туруктуу камсыздоо боюнча иштерди күчөтүүнү тапшырды.

Ошондой эле Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары «Кыргыз Петролеум Компани» ЖАКтын нефтини кайра иштетүүчү заводунда жүрүп жаткан реконструкция жана модернизация иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Маалыматка ылайык, ишкананы жаңылоо долбоорунун жалпы наркы 409,9 миллион АКШ долларын түзөт. Модернизациянын негизги максаты – өндүрүлгөн күйүүчү майдын сапатын эл аралык талаптарга ылайык жогорулатуу.

Эрлист Акунбеков курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл бурууну белгилеп, жооптуу жетекчилерге модернизация иштерин белгиленген мөөнөттө аяктоо боюнча тапшырма берди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар