Башкы беткеЭкономикаКыргызстанга электромобилдер боюнча бөлүнгөн квота толду

Кыргызстанга электромобилдер боюнча бөлүнгөн квота толду

Кыргызстан 2026-жылга карата электромобилдерди жеңилдетилген шартта алып кирүү үчүн бөлүнгөн квотаны дээрлик толугу менен пайдаланды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылга Кыргызстан үчүн электр кыймылдаткычы бар 15 миң унаага жеңилдетилген импорттук квота каралган. Учурда анын 14 миң 14ү пайдаланылып, 986 квота гана калды.

Жеңилдик ЕАЭБдин Тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн товардык номенклатурасындагы 8703 80 000 3 жана 8703 80 000 5 коддоруна кирген электромобилдерге тиешелүү. Квотанын колдонулушу тууралуу маалыматтар Мамлекеттик бажы кызматынын онлайн-эсептегичинде автоматтык түрдө жаңыланып турат.

Белгиленген лимит толук пайдаланылгандан кийин Кыргызстанга алып келинген электромобилдер үчүн бажы наркынын 15 пайызы өлчөмүндө импорттук бажы алымы алынат.

Мамлекеттик бажы кызматы жарандарды жана ишкерлерди электр кыймылдаткычы бар унааларды алып келүүнү пландаштырууда бул жагдайды алдын ала эске алууга чакырды.

Белгилей кетсек, 2025-жылы Кыргызстан үчүн электромобилдер боюнча 10 миңдик квота бөлүнүп, ал өткөн жылдын сентябрь айынын аягында толугу менен пайдаланылган.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар