Башкы беткеМинистрлер кабинетиМинистр: “Жогорку окуу жайлардын саны эмес, сапаты маанилүү”

Министр: “Жогорку окуу жайлардын саны эмес, сапаты маанилүү”

Жогорку окуу жайлардын лицензиялык талаптарын кайра карап чыгуу учуру келди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.

Министрдин маалыматында, Кыргызстанда 85 жогорку окуу жай бар, анын отузу мамлекеттик болуп эсептелинсе, калган 55и жеке менчик ЖОЖ болуп саналат. Жалпысынан бүгүнкү күндө 231 миң студент ар кайсы багытта билим алууда.

Бирок азыр жогорку окуу жайлардын саны эмес, сапаты маанилүү. Анткени эмгек рыногуна ылайыктуу адистерди даярдоо, жогорку билим берүү сапатын көтөрүү, илим тармагын өркүндөтүү сыяктуу олуттуу учурдун талаптары турганын Исаматова кошумчалады.

Белгилей кетсек, министр Гүлзат Исаматова Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиа долбоорунун алкагында бүгүн ЖМК өкүлдөрүнүн коштоосунда борбор калаадагы бир катар жогорку окуу жайларга барып, жыйындарды өткөрүүдө.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар