Башкы беткеМинистрлер кабинетиСаламаттыкты сактоо министрлигине ӨКМ 9 тез жардам унаасын берди

Саламаттыкты сактоо министрлигине ӨКМ 9 тез жардам унаасын берди

Медицина кызматкерлеринин күнүн утурлай Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Саламаттык сактоо министрлигине тогуз тез медициналык жардам унаасын өткөрүп берди. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты.

Унааларды тапшыруу аземине Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Акылбек Мазарипов катышты.

Саламаттык сактоо министри көрсөтүлгөн колдоо үчүн ӨКМдин жетекчилигине жана жамаатына ыраазычылык билдирип, жаңы унаалар медициналык кызматтардын мобилдүүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берерин жана калкка тез медициналык жардамды өз убагында көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар