Башкы беткеПрезидентПрезидент мамлекеттик органдардын функцияларын кайра бөлүштүрүүнү тапшырды

Президент мамлекеттик органдардын функцияларын кайра бөлүштүрүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Чолпон-Ата шаарында Мамлекет башчысынын облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, укук коргоо жана сот органдарынын жетекчилери менен республикалык кеңешме өткөрдү.

Жыйында Мамлекет башчысы мамлекеттик башкаруудагы көйгөйлөрдүн негизги себептеринин бири функциялардын туура бөлүштүрүлбөй калгандыгы же талаптагыдай аткарылбай жаткандыгы экенин белгиледи.

“Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрү 152 мыйзамды, 270тей мыйзам алдындагы актыларды жүзөгө ашырып келет. Мындай көрүнүш алардын мыйзам менен жүктөлгөн негизги милдетинен — жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдөн алаксытып жатат”, – деди Президент.

Анын айтымында, айыл өкмөттөрү биринчи кезекте өз аймагындагы көйгөйлөрдү чечүүгө көңүл бурушу керек. Айылдагы жолдордун абалы, ичүүчү суу, көчөлөрдүн тазалыгы, жайыттар, муниципалдык менчик, жергиликтүү инфратүзүм жана калктын жашоо шартын жакшыртуу алардын негизги жоопкерчилиги болушу зарыл.

Ошондой эле Садыр Жапаров мамлекеттик кызматтын натыйжалуулугу кагаз жүзүндөгү отчеттор менен эмес, элдин жашоосундагы реалдуу өзгөрүүлөр менен бааланышы керектигин баса белгиледи.

Буга байланыштуу Президент Министрлер Кабинетине жана мамлекеттик органдардын жетекчилерине бардык функцияларды кайрадан тыкыр талдап чыгып, мыйзамдарга ылайык ким эмне үчүн жооп берерин тактоону, ошондой эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын өздөрүнө тиешеси жок ашыкча тапшырмалардан бошотуу боюнча конкреттүү сунуштарды киргизүүнү тапшырды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар