Президент Садыр Жапаров 30-июнда Чолпон-Ата шаарында өткөн республикалык кеңешмеде мамлекеттик башкаруу жаатында кабыл алынган бир катар чечимдерге токтолду.
Мамлекет башчысы белгилегендей, айыл башчыларына муниципалдык кызматчы макамын берүү боюнча мыйзам кабыл алынды. Ошондой эле Жогорку Кеңеш Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн, акимдерди жана мэрлерди жылына эки жолудан кем эмес калк менен жолугушууларды өткөрүүгө милдеттендирген мыйзамды күчүнө кирди.
Мындан тышкары, Президенттин Жарлыгы менен акимдерди, алардын орун басарларын, мэрлерди жана айыл өкмөт башчыларын тең же төмөн турган кызматтарга үч жумуш күнүнүн ичинде конкурстан өткөрбөстөн дайындоо тартиби киргизилди. Бул чечим мамлекеттик башкарууда кадрдык дайындоолордун ыкчамдыгын камсыз кылууга багытталган.
Эми облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр облустук түзүмдөрдүн, анын ичинде күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоого түздөн-түз катышып, мындай дайындоолор алардын макулдугу менен жүргүзүлөт. Ошондой эле негиздүү сунуш болгон учурда облус жетекчилери, район акимдери жана республикалык, облустук маанидеги шаарлардын мэрлери тиешелүү жетекчилерди кызматтан бошотууга да макулдук бере алышат.
Мындан сырткары, райондун акимдери министрликтердин жана административдик ведомстволордун райондук бөлүмдөрүнүн жетекчилерин дайындоого макулдук беришет.
“Мындан ары облустагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр, акимдер жана мэрлер өз аймагындагы мамлекеттик саясаттын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик тартышат”, – деп өзгөчө белгиледи Мамлекет башчысы.
Президент ошондой эле министрликтер менен ведомстволордун аймактык бөлүмдөрү эми өз тармактык жетекчилерине гана эмес, тиешелүү аймактын башчысына да аткарылган иштер боюнча отчет берип турууга милдеттендирилерин айтты.
“Облуста, райондо ар ким өз-өзүнчө иштеген учур бүттү. Бардык мамлекеттик органдар бир команда болуп иштеши керек. Эл “кайсы орган жооп берет?” деп көрүнгөн эшикти каккылап жүрбөшү зарыл”, – деди Садыр Жапаров.



