Башкы беткеМинистрлер кабинети1-июль —  салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы

1-июль —  салык кызматкерлеринин кесиптик майрамы

Бүгүн Мамлекеттик салык кызматында кесиптик майрамга арналган салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чарага Салык кызматынын жетекчилиги, кызматкерлери жана салык төлөөчүлөр катышты. Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков кызматкерлерди майрамы менен куттуктап, алардын мамлекеттик бюджетти толуктоодогу, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү жана салыктык башкарууну жакшыртуудагы эмгегин белгиледи.

Ал ошондой эле салык төлөөчүлөрдүн ишенимин бекемдөө жана кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу негизги артыкчылыктардын бири экенин айтты.

Иш-чаранын жүрүшүндө салыктык тартиби жогору жана өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошкон мыкты салык төлөөчүлөр сыйланды. Ошондой эле кызматтык милдеттерин үлгүлүү аткарган жана жогорку кесипкөйлүк көрсөткөн бир катар салык кызматкерлери ведомстволук сыйлыктарга татыды.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар