3-июлда Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Кажы-Сай айылында жайгашкан Nomad Camp эс алуу жайында «Тескей Ысык-Көл» аймактык маданий-өнүктүрүү жана инвестициялык форуму өтөт.
Форумдун негизги максаты — Ысык-Көлдүн түштүк жээгин узак мөөнөттүү өнүктүрүү стратегиясын талкуулоо жана инвестиция тартуу. Иш-чаранын демилгечиси — Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева.
Форумда 2035–2040-жылдарга чейин аймакты өнүктүрүүгө багытталган «Тескей Ысык-Көлдү өнүктүрүүнүн комплекстүү концепциясы» тааныштырылат. Документ туризм, инфраструктура, айыл чарба, өнөр жай, экология, санариптештирүү жана адам капиталын өнүктүрүү сыяктуу негизги тармактарды камтыйт.
Концепцияда экотуризм, маданий жана спорттук туризм, ден соолук жана узак өмүр, агротуризм жана гастрономия багытындагы кластерлерди өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Ошондой эле «Бир турист — бир дарак» экологиялык долбоору, «Жомок» каньонун комплекстүү өнүктүрүү жана жаштардын санариптик-инновациялык кластерин түзүү сунушталат.
Иш-чаранын алкагында мамлекеттик органдардын, инвесторлордун жана эксперттердин катышуусунда концепция боюнча талкуу өтүп, Тоң жана Жети-Өгүз райондорунун инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү тааныштырылат. Ошондой эле B2B жана G2B жолугушуулар, жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн көргөзмөсү жана социалдык-өндүрүштүк объектилерге таанышуу сапарлары уюштурулат.
Форумга Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Улан Маматканов, Жогорку Кеңештин депутаттары, Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлү Бакытбек Жетигенов, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, инвесторлор жана эксперттер катышары күтүлүүдө.



