5-июлга чейин республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда нөшөрлүү жамгырдан улам сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
Мындан улам ӨКМ жарандарга коопсуздук чараларын сактоону эскертти. Ага ылайык, дарыя жана капчыгай жээктерине барбоо, балдарды кароосуз калтырбоо жана чукул кырдаал катталган учурда 112 же 911 кызматына токтоосуз кайрылууну сунуштайт.



