Башкы беткеМинистрлер кабинетиАлай-Кууда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

Алай-Кууда селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда

1-июлда катуу жааган жамгырдан улам Кара-Кулжа районунун Алай-Куу айыл аймагындагы Терек жана Коо-Чаты айылдарында кокту-колоттордон түшкөн сел турак үйлөрдү, короо-жайларды жана чарбалык курулуштарды каптады.

Ошондой эле Терек айылына баруучу унаа жолу убактылуу жабылган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында 2-июлда саат 04:30да жол бир тараптуу ачылып, унаа кыймылы калыбына келтирилди.

Селдин кесепеттерин жоюу иштерин координациялоо үчүн ыкчам штаб түзүлүп, тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди.

Кесепеттерди жоюуга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 50 кызматкер жана беш даана атайын техника, ДЭП-26 мекемесинен төрт даана техника, Алай-Куу айыл аймагынан эки даана техника, ошондой эле райондук Жарандык коргонуу кызматтары менен жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылды.

Учурда аймакта селдин кесепеттерин жоюу иштери уланууда.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар