Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда пияз, картошка жана сүттүн баасы арзандады

Кыргызстанда пияз, картошка жана сүттүн баасы арзандады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 2026-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстандагы жана Россия менен Казакстандагы негизги азык-түлүк товарларынын баасына салыштырма мониторинг жүргүздү.

Министрликтин маалыматына ылайык, Кыргызстанда акыркы мезгилде пастерленген сүттүн баасы 9,8%, баш пияз 9,2% жана картошка 8,3% арзандаган.

Ошол эле учурда тазаланган күн карама майы 6%, каймак май 0,9%, кой эти 0,8%, сабиз 0,7%, кумшекер, уй эти жана биринчи сорттогу буудай уну 0,2% кымбаттаган.

Казакстанда макарон азыктары, каймак май, күн карама майы жана нан азыктарынын баасы жогоруласа, жумуртка, картошка, кумшекер, сүт, күрүч жана буудай уну арзандаган.

Ал эми Россияда пияз, картошка, сабиз, кумшекер, вермишель жана уй этинин баасы бир аз өскөн. Ошол эле учурда жумуртка, кой эти, каймак май, буудай уну, сүт жана күн карама майынын баасы төмөндөгөн.

Министрлик негизги азык-түлүк товарларынын баасына мониторинг жүргүзүү иштери туруктуу негизде улантылып жатканын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар