Кыргызстанда күйүүчү майдын кору 1-1,5 айга чейин жетет. Бул тууралуу Энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, акыркы жылдары дүйнөдөгү геосаясий кырдаалдын өзгөрүшү энергетикалык рынокко таасирин тийгизип, көптөгөн мамлекеттер камсыздоо булактарын диверсификациялоого көңүл бура баштады. Кыргызстан да нефть жана газ өндүрүшү жетишсиз болгондуктан, импортко көз каранды бойдон калууда.
“Дүйнөдөгү саясий абалга, анын ичинде Россиянын өзүндөгү кырдаалга байланыштуу биз да өзүбүздүн керектөөнү бир сыйра карап чыктык. Тыштан башка булактарды карап, ички өндүрүшкө басым кылып жатабыз. Күнүгө ички корду анализдеп, ташылып келаткан күйүүчү-майлоочу майдын көлөмүнө анализ кылып жатабыз”, – деди ал.
Ошол эле учурда Насипбек Керимов күйүүчү майдын негизги бөлүгү мурдагыдай эле Россиядан ташылып келерин, бирок акыркы жылдары жеткирүүнүн көлөмү мурдагыга салыштырмалуу бир аз кыскарганын белгиледи. Анын маалыматына ылайык, Кыргызстан жыл сайын болжол менен 2 миллион тоннага жакын күйүүчү-майлоочу материалдарды керектейт.



