Социалдык фонд жаш курагы жана майыптыгы боюнча пенсияларды дайындоонун жаңы автоматташтырылган маалыматтык тутумун ишке киргизүүгө даярдык көрүп жатат.
Маалыматка ылайык, жаңы система аркылуу жарандарга маалымкаттарды чогултуу же Соцфонддун бөлүмдөрүнө кайрылуунун зарылдыгы болбойт. Тутум эмгек стажы жана кирешеси тууралуу маалыматтарды автоматтык түрдө чогултуп, пенсиянын өлчөмүн эсептеп, аны электрондук форматта тариздейт.
“Пенсия курагына бир ай калганда жарандын “Түндүк” тиркемесиндеги жеке кабинетине билдирүү жөнөтүлөт. Анда пенсия кайсы банктын картасына которуларын тандоо гана талап кылынат”, – деп айтылат маалыматта.
Буга байланыштуу Соцфонд жарандарды, айрыкча пенсия курагына жакындап калгандарды, “Түндүк” тиркемесин жүктөп алып, каттоодон өтүүгө чакырат. Ошондой эле жакындарына тиркемени колдонууга жардам берүү сунушталат.
Автоматташтырылган системанын толук кандуу ишке киргизиле турган күнү тууралуу кошумча маалымат кийинчерээк жарыяланары белгиленди.



