Башкы беткеМинистрлер кабинетиКыргызстанда биринчи жолу жер көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери башталды

Кыргызстанда биринчи жолу жер көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери башталды

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда калктуу конуштардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жер көчкү коркунучун азайтуу максатында жер көчкүнү мажбурлап механикалык жол менен түшүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Жалал-Абад облустук Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, бул үчүн атайын инженердик долбоор иштелип чыгып, анын негизинде практикалык иштер башталган. Белгиленгендей, мындай ыкма Кыргызстанда биринчи жолу колдонулууда.

Долбоордун негизги максаты – жер көчкү коркунучунун алдын алуу, калктын өмүрүн жана турак жайларын коргоо. Иш-чаралар эл аралык өнөктөштөрдүн колдоосу менен ишке ашырылып, долбоорду Азия өнүктүрүү банкы каржылоодо.

ӨКМ жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган алдын алуу иштери мындан ары да улантыларын билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар