“Кыргыз почтасы” ААК бир катар эл аралык долбоорлорду ишке ашырып, “жашыл” лоргистикага өтүүдө. Бул тууралуу аталган ишкананын башкы директору Марат Черикчиев “Кыргыз Туусу” маалымат-басма үйүнүн видеоподкастында билдирди. Маек “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында уюштурулду.
Черикчиевдин белгилөөсүңдө, ишкана Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда почта алмашуунун жана электрондук сооданын “жашыл коридору” долбоорун ишке киргизди.
Мындан тышкары, “Кыргыз почтасы” Корея Республикасынын Өкмөтү менен биргеликте заманбап экологиялык, башкача айтканда “жашыл” логистика долбоорун ишке ашырууда. Анын алкагында 110го жакын электромобилдер сатып алынып, электр кубаттоо станциялары орнотулат.
Долбоордун жалпы наркы 11 млн АКШ долларын түзүп, эки жылга эсептелген. Алгачкы электр унаалары жакынкы күндөрү келип түшөрү күтүлүүдө.
Ошондой эле “Кыргыз почтасы” бул багытта Бүткүл дүйнөлүк почта союзу менен да кызматташууда.
“Бул долбоордун алкагында алгачкы электр транспортторун үстүбүздөгү жылдын август-сентябрь айларында алууну күтүп жатабыз”, – деди Марат Черикчиев.



