Башкы беткеПрезидентПакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Президент Садыр Жапаровдун чакыруусу менен үстүбүздөгү жылдын 6–9-июль күндөрү Пакистандын президенти Асиф Али Зардари Кыргызстанга расмий сапар менен келет.

Сапардын алкагында Чолпон-Ата шаарында жогорку деңгээлдеги кеңейтилген курамдагы сүйлөшүүлөр өтөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын негизги маселелери, ошондой эле БУУ, ШКУ, ИКУ жана ЭКУ сыяктуу эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара кызматташтык каралат.

Белгилей кетсек, Пакистан президентинин расмий сапары эки өлкөнүн өнөктөштүгүн жана достук мамилелерин өнүктүрүүдөгү маанилүү окуя болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар