Башкы беткеДүйнөКыргызстан менен Түркия коопсуздук жаатындагы кызматташууну талкуулады

Кыргызстан менен Түркия коопсуздук жаатындагы кызматташууну талкуулады

Анкарада Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев, Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Түркиядагы өкүлү Манас Аманбаев жана Түркиянын Ички иштер министрлигинин Коопсуздук башкы башкармалыгынын башчысы Али Фидан жолугушуу өткөрдү.Бул тууралуу КР ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн коопсуздук жаатындагы кызматташуусун талкуулашты. Атап айтканда, жарандардын укуктарын коргоо, мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүү жана укук коргоо органдарынын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү күчөтүү маселелери каралды.

Руслан Казакбаев Али Фиданды жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады. Ошондой эле кадрларды даярдоо маселесине өзгөчө көңүл бурулду.

Тараптар Кыргызстандын ИИМ кызматкерлерин Түркияда окутууну улантуу жана киберкылмыштуулук, экстремизм, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана коомдук тартипти камсыз кылуу багыттарында биргелешкен окуу программаларын кеңейтүүгө даяр экенин билдиришти.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар