Башкы беткеМинистрлер кабинети"Бала ырысы" жөлөкпулу: арыз берүү тартиби жана негизги шарттар

“Бала ырысы” жөлөкпулу: арыз берүү тартиби жана негизги шарттар

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 2026-жылдын 1-июлунан тартып арыздарды кабыл алуу башталган жаңы ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөкпулун дайындоо боюнча түшүндүрмөлөрдү берди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жөлөкпулду Кыргызстандын жарандары жана кайрылман макамы бар, үч жашка чейинки баланы тарбиялап жаткан адамдар ала алышат. Негизги шарт – бала жөлөкпул алуучу менен чогуу жашашы керек.

Жөлөкпулдун өлчөмү үч жашка чейинки ар бир балага айына 1200 сомду түзөт. Айрым аймактарда райондук коэффициенттер колдонулат.

Арызды «Түндүк» тиркемеси аркылуу онлайн же Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыктарына кайрылып берүүгө болот. Документтер толук тапшырылса, жөлөкпул ошол эле күнү автоматтык түрдө дайындалат.

Министрлик жөлөкпул үй-бүлөнүн материалдык абалына, «Социалдык контракт» программасына катышуусуна же башка мамлекеттик жөлөкпулдарды алуусуна карабастан төлөнөрүн белгиледи. Ошондой эле аны ата-энесинин бири, асырап алуучу, камкорчу же ишеним каттын негизинде өкүлү жол-жоболоштура алат. Нике тууралуу күбөлүк талап кылынбайт.

Эгер ата-энесинин бири чет өлкөдө эмгек миграциясында болуп, бала Кыргызстанда жашаса, үй-бүлө жөлөкпул алууга укуктуу. Ал эми бала да, жөлөкпул алуучу да туруктуу түрдө өлкөдөн тышкары жашаса, төлөм дайындалбайт.

Жөлөкпул Элдик Банк жана Айыл Банк аркылуу төлөнөт. Кийинки этапта дагы 13 коммерциялык банкты системага кошуу пландалууда.

Кеңеш алуу үчүн жарандар министрликтин аймактык башкармалыктарына же 111 Балдар үчүн ишеним телефонуна кайрыла алышат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар