Бишкекте 6-июлда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Коргоо министрлеринин кеңешмесине караштуу Эксперттик жумушчу топтун XXVI жыйыны өттү.
Жыйынга Беларусь, Индия, Иран, Казакстан, Кытай, Кыргызстан, Пакистан, Россия жана Тажикстандын делегациялары катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар ШКУ алкагындагы аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү, коргоо ведомстволорунун өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо, аскердик чөйрөдөгү кызматташтык механизмдерин өркүндөтүү, ишеним чараларын бекемдөө жана практикалык кызматташтыкты кеңейтүү маселелерин талкуулашты.
Ошондой эле биргелешкен иш-чараларды даярдоо, тажрыйба алмашуу, аймактык коопсуздукту чыңдоо жана көп тараптуу кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча сунуштар каралды.
Жыйындын соңунда тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерди макулдашып, Эксперттик жумушчу топтун XXVI жыйынынын протоколуна кол коюшту.
Уюштуруучулардын белгилешинче, жыйын ШКУга мүчө мамлекеттердин өнөктөштүктү бекемдөөгө, конструктивдүү диалогду өнүктүрүүгө жана аймактагы тынчтыкты, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча биргелешкен аракеттерди улантууга болгон умтулуусун дагы бир жолу ырастады.



