Башкы беткеМинистрлер кабинетиЧет өлкөдөгү этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдордо 75 орун бөлүндү

Чет өлкөдөгү этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдордо 75 орун бөлүндү

2026–2027-окуу жылы үчүн Кыргызстандын жогорку окуу жайларына чет өлкөлөрдө жашаган этникалык кыргыздарды мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде кабыл алуу жарыяланды. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги кабарлады.

Сынакка Тажикстан, Өзбекстан, Кытай, Түркия, Казакстан, Пакистан жана Ооганстанда жашаган этникалык кыргыздар катыша алышат. Жалпысынан президенттин жарлыгына ылайык, бул жылы чет өлкөлүк мекендештерди акысыз окутууга 75 квота бөлүндү.

Талапкерлер 2026-жылдын 1-августу саат 23:59га чейин student.edu.gov.kg онлайн системасы аркылуу катталып, талап кылынган документтерди жүктөшү керек. Документтер толук болбогон учурда арыз автоматтык түрдө четке кагылат.

Конкурстук тандоо компьютердик же бланктык тестирлөө түрүндө өтүп, 11–13-августта өткөрүлөт. Тесттин күнү, убактысы жана өтүүчү жери талапкерлердин жеке кабинети аркылуу маалымдалат.

Кошумча маалыматты +996 (312) 68-04-71, +996 (551) 44-80-11 телефондору же [email protected] электрондук дареги аркылуу алууга болот.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар