Башкы беткеЭкономикаЖыргалаңда дагы төрт асма жолдун курулушу башталды

Жыргалаңда дагы төрт асма жолдун курулушу башталды

Жыргалаңда «Ала-Тоо Резорт» мамлекеттик төрт мезгилдүү тоо-туристтик кластеринин алкагында дагы төрт асма аркан жолунун курулушу башталды.

Маалыматка ылайык, 2-июлда Президент Садыр Жапаров жаңы асма аркан жолдорунун пайдубалын түптөө аземине катышкан.
Асма аркан инфраструктурасын куруу иштерин асма транспорттук системаларды долбоорлоо жана куруу боюнча дүйнөлүк лидер болгон Doppelmayr компаниясы ишке ашырууда.
Учурда төмөнкү асма аркан жолдорунун курулушу башталды:
• А асма аркан жолу — 461 метр;
• С асма аркан жолу — 758 метр;
• Е асма аркан жолу — 2552 метр;
• Х асма аркан жолу — 242 метр.
Курулуш иштери аяктагандан кийин биринчи этаптагы асма аркан жолдорунун жалпы узундугу 8 чакырымдан ашат.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар