Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 30–31-август жана 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына байланыштуу жарандарга кайрылуу жасады.
Анын айтымында, аталган иш-чараларга катышуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу бир учурда 21 мамлекеттин жетекчиси келет. Алардын айрымдары өлкөгө мамлекеттик сапар менен келип, биринчи айымдары да коштоп келет.
Ушуга байланыштуу борбор калаада коопсуздук чаралары күчөтүлүп, үч күндүн ичинде айрым көчөлөр менен жолдор мезгил-мезгили менен жабылып турары белгиленди.
«Бишкек шаарынын тургундарынан сураныч, мүмкүнчүлүк болсо ушул күндөрү Ысык-Көлгө же башка эс алуучу жайларга барып туруңуздар. Болбосо шаар ичинде өзүңүздөргө эле ыңгайсыз болот. Үч күн бою жолдор тез-тез жабылып турат», — деди Алагөзов.
Ошондой эле ал мектеп окуучулары менен жогорку окуу жайлардын студенттери жаңы окуу жылын 15-сентябрдан баштай турганын эске салып, 1-сентябрга чейин Бишкекке шашылыш келүүнүн зарылдыгы жок экенин билдирди.
Мындан улам Президенттин басма сөз катчысы жарандарды эс алуу күндөрүн мүмкүн болсо 15-сентябрга чейин алдын ала пландоого чакырды.



