Башкы беткеЭкономикаИндиянын бизнес өкүлдөрү Кыргызстанда өкүлчүлүк ачууга кызыкдар

Индиянын бизнес өкүлдөрү Кыргызстанда өкүлчүлүк ачууга кызыкдар

Индиянын бизнес өкүлдөрү Кыргызстанда өкүлчүлүктөрүн ачууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыгуу билдирүүдө. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Маалыматка ылайык, палатанын Индиядагы өкүлү Бектурган Калыбек уулу Индиянын Экспорттук уюмдар федерациясы (FIEO) уюштурган ири эл аралык иш-чарага катышып, бизнес коомчулугунун, тармактык ассоциациялардын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү.

Гуджарат жана Махараштра штаттарына болгон иш сапарынын алкагында кыргыз-индия соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган бир катар сүйлөшүүлөр уюштурулду.

Жолугушууларда Кыргызстандын инвестициялык жана экспорттук потенциалы тааныштырылып, индиялык компанияларга өлкөдө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана түз ишкердик байланыштарды түзүү мүмкүнчүлүктөрү сунушталды.

Индиялык тарап Кыргызстанда өз өкүлчүлүктөрүн ачууга өзгөчө кызыгуу билдирип, өлкөдөгү жагымдуу инвестициялык климатты, мамлекеттик колдоо механизмдерин жана Кыргызстанды аймактык рынокторго чыгуу үчүн ыңгайлуу аянтча катары пайдалануу мүмкүнчүлүгүн жогору баалады.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар кыргыз-индиялык соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыкты мындан ары да кеңейтүү боюнча макулдашты.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар