Башкы беткеМаданият"Манас" эпосу алгачкы жолу хинди тилине которулду

“Манас” эпосу алгачкы жолу хинди тилине которулду

Кыргызстанда “Манас жана Махабхарата” эл аралык цивилизациялык изилдөөлөр борборунун ачылышы жана кыргыз элинин улуу “Манас” эпосунун хинди тилиндеги алгачкы котормосунун бет ачары өттү. Бул тууралуу Улуттук “Манас” академиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жаңы борбор Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы гуманитардык кызматташтыкты чыңдоону көздөйт. Анын ишмердүүлүгү “Манас” жана “Махабхарата” эпосторун салыштырмалуу изилдөөгө, Евразиянын маданий мурасын иликтөөгө, гуманитардык дипломатияны өнүктүрүүгө, эл аралык илимий кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жаш окумуштууларды даярдоого багытталат.

Иш-чаранын алкагында “Манас” эпосунун хинди тилиндеги алгачкы котормосу расмий тааныштырылды. Аны индиялык окумуштуулар, профессорлор Хем Чандра Панде менен Рамакант Двиведи Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу Мар Байжиевдин орус тилиндеги поэтикалык баяндоосунун негизинде даярдашкан.

Басылма кыргыз эпосунун толук үчилтигин — “Манас”, “Семетей” жана “Сейтек” бөлүмдөрүн камтыйт.

Мындан тышкары, Улуттук “Манас” академиясы, Эл аралык мамилелерди изилдөө борбору (CSIR) жана Кыргызстандын бир катар жогорку окуу жайларынын ортосунда кызматташуу боюнча үч тараптуу келишимдерге кол коюлду.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар