Июнь айында «Соң-Көл балык чарбасы» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери тарабынан Соң-Көл көлүндө экологиялык абалды жакшыртуу жана балык ресурстарын сактоо максатында рейд өткөрүлдү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, рейддин жүрүшүндө жалпы узундугу 37 000 метрди түзгөн мыйзамсыз торлор чыгарылды.
Учурда Соң-Көлдү мыйзамсыз балык уулоочу шаймандардан тазалоо жана анын мелиоративдик абалын жакшыртуу боюнча иштер улантылууда.



