Башкы беткеМинистрлер кабинетиКышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

Кышында электр энергиясы маал-маалы менен өчүрүлбөйт

Алдыдагы күз-кыш мезгилинде электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Бул тууралуу бүгүн энергетика министри Алтынбек Рысбеков билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине даярдык боюнча жыйын өткөрүлүп, бардык иштер бекитилген планга ылайык жүргүзүлүүдө.

“Биздин планыбыз боюнча электр энергиясын маал-маалы менен өчүрүү болбойт. Ошого аракет кылып жатабыз. Бирок авариялык өчүрүүлөр болуп калышы мүмкүн. Бул техникалык себептерге байланыштуу болушу мүмкүн. Кыш мезгилинде күчөтүлгөн тартипте иштейбиз. Авариялык бригадалар атайын техника жана запастык бөлүктөр менен толук камсыздалат. Аварияларды жоюуда тажрыйбабыз жетиштүү, ошондуктан бардык мүчүлүштүктөрдү ыкчам жоюп, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылууга аракет кылабыз”, — деди министр.

Мындан тышкары, быйыл Кыргызстан 4 миллиард киловатт-сааттан ашык электр энергиясын импорттой турганы күтүлүүдө. Бул өлкөнүн жалпы керектөөсүнүн дээрлик төрттөн бир бөлүгүн түзөт.

Энергетика министрлигинин маалыматына ылайык, электр энергиясын жеткирүү боюнча Россия, Түркмөнстан, Казакстан жана Өзбекстан менен келишимдер түзүлгөн.

Министрлик белгилегендей, Кыргызстанда жылына болжол менен 15 миллиард киловатт-саат электр энергиясы өндүрүлөт. Ал эми өлкөнүн жалпы керектөөсү 19 миллиард киловатт-саатка жакынды түзөт.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар