Бишкекте “Ынтымак-2” сейил багында жандуу музыкалык кечелер өтөт
Бишкек шаарынын мэриясы шаар тургундарын жана конокторун 10-11-июль күндөрү «Ынтымак-2» сейил багындагы амфитеатрда өтө турган жандуу музыкалык кечелерге чакырды.
Концерттер саат 19:00дө башталат. Эки күндүк программада чыгармачыл жамааттар жана таланттуу аткаруучулар элдик жана эстрадалык чыгармаларды аткарышат.
Мэриянын маалыматына ылайык, иш-чаралар борбор калаанын маданий жашоосун жандандыруу, улуттук искусствону жайылтуу жана шаар тургундары үчүн үй-бүлөлүк эс алууга ыңгайлуу шарт түзүү максатында уюштурулууда.
Белгилей кетсек, ушул жылдын июнь айында мындай музыкалык кечелер “Ала-Тоо” аянтында өткөн. Июль айында долбоор Бишкектеги сейил бактарда улантылууда.



