Кызыл-Кыя шаарында курулуш материалдарын өндүрүүгө адистешкен жаңы өндүрүш ишканасы ишке киргизилүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
Долбоордун алкагында шаардык мэрия жеке ишкерге даяр өндүрүштүк имараты менен бирге 0,4 гектар муниципалдык жер тилкесин ижарага берген. Анын базасында “Асыл Холдинг” ЖЧКсы түзүлүп, курулуш материалдарын чыгаруу боюнча өндүрүш уюштурулган.
Долбоорго жеке инвестор тарабынан 13,1 миллион сом инвестиция салынып, өндүрүш үчүн зарыл болгон жабдуулардын бардыгы орнотулду. Учурда сыноо иретинде алгачкы продукциялар чыгарылып жатат.
Ишкана толук кубаттуулукта иштей баштагандан кийин күнүнө 60–70 тонна курулуш материалдарын өндүрүп, 15 жаңы жумуш ордун түзөт.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Абдирашит Ташбалтаев ишканада болуп, өндүрүштү ишке киргизүүгө даярдык көрүү иштеринин жүрүшү менен таанышты. Ал бул долбоор аймактын өнөр жай потенциалын жогорулатууга, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана ата мекендик курулуш материалдарын өндүрүүнү көбөйтүүгө олуттуу салым кошорун белгиледи.
Жаңы өндүрүштү 2026-жылдын 31-августунда — Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата пайдаланууга берүү пландалууда.



