Кыргызстанда баштапкы төлөмгө каражаты жетпеген 267 адам Кепилдик фондунун жардамы менен ипотекага үй сатып алышты. Бул тууралуу “Кепилдик фонд” ААКсы билдирди.
Маалымдалгандай, фонддун колдоосу менен өлкө жарандары 1 миллиард 352,5 миллион сомдон ашык ипотекалык насыя алып, турак жай сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушкан.
“Көпчүлүк жарандар үчүн ипотека алууда негизги тоскоолдук болгон баштапкы төлөм маселеси дал ушул фонддун кепилдиги менен чечилген. Натыйжада “Келечек” программасы аркылуу 267 үй-бүлө өз үйүнө ээ болду”, – деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, долбоор 2025-жылдын экинчи жарымында гана ишке киргизилген. Соңку маалда жарандардын ага кызыгуусу артып жатканы байкалат. Тагыраагы, “Келечек” программасы боюнча бардык кепилдиктердин 60 пайыздан ашыгы 2026-жылдын биринчи жарым жылдыгында берилген.



