Президент Садыр Жапаров электрондук акчаларды мурастоо маселесине байланыштуу айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизген мыйзамга кол койду.
Жаңы тартипке ылайык, электрондук капчыкта жана башка электрондук алып жүрүүчүлөрдө сакталган акча каражаттарынын ээси каза болгон учурда, аларды талап кылуу укугу мурастын курамына кирет.
Мыйзамга ылайык, нотариустун суроо-талабы, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын каты же мураскерлердин кайрылуусу түшкөндөн кийин электрондук акчаны чыгарган уюм маркумдун каражаттары боюнча чыгым операцияларын токтотууга милдеттүү.
Ошондой эле мураскерлерге же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнө электрондук капчыктагы каражаттын көлөмү, анын бар-жогу жана реквизиттери тууралуу маалымат берилет. Бул үчүн мураска болгон укукту тастыктаган документтерди көрсөтүү талап кылынат.
Мурас расмий жол-жоболоштурулгандан кийин электрондук акчанын эмитенти каражатты мураскерлерге накталай төлөп берүүгө же алардын эсебине которууга тийиш.
Мындан тышкары, мыйзам банктарга нотариустарга жана мураскерлерге каза болгон адамдын банктык аманаттары менен катар электрондук акчалары, сейфтик уячалары, металл эсептери жана башка мүлкү тууралуу маалымат берүүгө мүмкүндүк берет.
Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.
Белгилей кетсек, 2026-жылдын башына карата Кыргызстанда 6,6 миллиондон ашык электрондук капчык катталган.



