Башкы беткеСаясатАрслан Койчиев Алтайда Манастын эстелигин тургузууну сунуштады

Арслан Койчиев Алтайда Манастын эстелигин тургузууну сунуштады

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев Россия Федерациясынын Алтай Республикасынын өкмөтүнүн төрагасы Александр Прокопьевге Алтайда Манастын эстелигин тургузууну сунуштады. Бул тууралуу ал социалдык түйүндөрдөгү баракчасына жазды.

“Алтай жергесинде Манас Атага эстелик тургузуу сунушун айттым. Алтай Республикасынын өкмөт башчысы Александр Прокопьев макул. Кол алыштык. Бул ишти Чыңгыз Айтматовдун 100 жылдыгын белгилөө иш-чараларынын алкагында аткаралы дедик, анткени Чынгыз Айтматов “Манасты” аздектеген, андан шык алган. Манас Атанын эстелигин жасоо эл аралык сынак аркылуу жүргүзүлсө, ага Даши Намдаков, Андрей Осташов сындуу замандын таланттуу скульпторлору да катышса деген пикирди билдирдим”, – деди Арслан Койчиев.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар