Бишкекте өткөн брифингде Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигине караштуу “Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору”мамлекеттик ишканасы чет элдик абитуриенттерди кабыл алуу үчүн иштелип чыккан EDUGATE бирдиктүү санарип платформасын тааныштырды.
Борбордун директорунун орун басары Айзада Урумованын айтымында, мурда ар бир ЖОЖ чет элдик студенттерди өз алдынча кабыл алып келсе, жаңы платформа бардык процессти бир системага бириктирди. Эми абитуриенттер онлайн катталып, документтерин жүктөп, университет жана адистик тандап, арызынын жүрүшүн, чакырууну жана виза алуу процессин көзөмөлдөй алышат.
Платформа 7 фазадан жана 18 кадамдан турат. Ал абитуриенттер, ЖОЖдор, Чет өлкөлүк студенттерди кабыл алуу борбору жана министрлик үчүн өзүнчө кабинеттерди камтыйт.
Брифингде маалымдалгандай, учурда системада 29 398 абитуриент катталып, 30 923 арыз берилген. Платформага 60тан ашык жогорку окуу жай кошулуп, студенттер 50дөн ашык өлкөдөн кабыл алынууда. Абитуриенттердин басымдуу бөлүгү Индия, Өзбекстан, Пакистан, Россия, Мьянма жана Кытайдан экени белгиленди.



