Башкы беткеКоом"Менин шаарым" тиркемесине түнкү автобус каттамдары кошулду

“Менин шаарым” тиркемесине түнкү автобус каттамдары кошулду

Бишкек шаарында коомдук транспортту колдонгон жарандар үчүн дагы бир жаңы санариптик кызмат жеткиликтүү болду. “Менин шаарым” мобилдик тиркемесине “Түнкү каттамдар” аттуу жаңы функция кошулду.

Бишкек мэриясынын маалыматына ылайык, жаңы мүмкүнчүлүк аркылуу колдонуучулар түнкү убакта каттаган автобустардын тизмесин көрүп, өзүнө ылайыктуу каттамды алдын ала тандай алышат.

Учурда түнкү каттамдарды №3, 13, 16, 19, 35, 45 жана 55 автобустары аткарып жатат.

Жаңы функция өзгөчө түнкү нөөмөттө иштегендерге, кеч убакта үйүнө кайткан жарандарга, ошондой эле жакындарын тосуп же узатууга чыккан шаар тургундары менен конокторуна ыңгайлуу шарт түзөт.

Түнкү каттамдар тууралуу маалымат алуу үчүн “Менин шаарым” тиркемесиндеги “Транспорт” бөлүмүнө кирип, “Түнкү каттамдарды” тандоо жетиштүү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар