Башкы беткеКоомАлматы — Тамчы багыты боюнча жайкы сезондук каттамдар башталды

Алматы — Тамчы багыты боюнча жайкы сезондук каттамдар башталды

10-июлда ушул жайкы эс алуу мезгилиндеги Алматы — Тамчы — Алматы эл аралык багыты боюнча биринчи каттам аткарылды. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААК билдирди.

Маалыматка ылайык, мезгилдик каттамдардын ачылышы жайкы туристтик мезгилде Казакстан менен Ысык-Көлдүн жээгинин ортосунда түз аба каттамын камсыздайт.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК “Ысык-Көл” эл аралык аба майданында биринчи каттамдын жүргүнчүлөрүн салтанаттуу тосуп алды. Конокторду улуттук кыргыз кийимин кийген бийкечтер тосуп алып, кыргыз элинин салттуу меймандостугунун өзгөчө маанайын тартуулашты.

Тамчы — Алматы — Тамчы багыты боюнча каттамдар сентябрь айына чейин аптасына эки жолу аткарылат: дүйшөмбү жана жума күндөрү.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар