Башкы беткеКоомАномалдуу аптапка байланыштуу жумуш убактысы өзгөрбөйт

Аномалдуу аптапка байланыштуу жумуш убактысы өзгөрбөйт

Кыргызстанда аба ырайынын кескин ысышына байланыштуу жумуш күнүн милдеттүү түрдө кыскартуу мыйзамдарда каралган эмес. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, өлкөнүн Эмгек кодексинде абанын өтө жогорку температурасына байланыштуу иш убактысын кыскартуу боюнча талап жок. Ошол эле учурда иш берүүчүлөр кызматкерлер үчүн коопсуз жана ден соолукка зыян келтирбеген эмгек шарттарын камсыз кылууга милдеттүү.

Эске салсак, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 14–18-июль күндөрүнө карата өлкөдө күтүлүп жаткан аномалдуу ысыкка байланыштуу шашылыш эскертүү тараткан.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында күндүз абанын температурасы +38…+40 градуска чейин көтөрүлөт. Ал эми 16–18-июль күндөрү айрым аймактарда аба +41…+43 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.

 

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар