Башкы беткеКоомАйбек Айдарбеков: “Чет жерде жүргөн жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо башкы милдетибиз”

Айбек Айдарбеков: “Чет жерде жүргөн жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо башкы милдетибиз”

Россиянын Новосибирск шаарындагы Башкы консулу Айбек Айдарбеков

-Айбек Акматбекович, көпчүлүк адамдар Башкы консулдукту документтерди гана жасап берүүчү структура деп кабыл алышат. Бул түшүнүк канчалык туура?

-Бул, чындыгында, жөнөкөйлөштүрүлгөн пикир. Документтерди тариздеп берүү жана даярдоо, справкаларды берүү жана нотариалдык кызматтарды көрсөтүү биздин иштин маанилүү бөлүгү болуп саналат, бирок негизги багытын түзбөйт. Биздин негизги ишибиз – чет жерде жүргөн жарандарыбыздын укуктарын жана кызыкчылыктарын татаал кырдаалдарда коргоо.

Биз бардык россиялык мамлекеттик органдар менен мамлекетибиздин өкүлү катары кызматташууну камсыз кылабыз, кылмыш жана административдик иштер боюнча соттук жыйындарга катышабыз, биздин жарандарга карата мыйзам чегинде эрежелердин сакталышын көзөмөлдөйбүз, талаш-тартыштарды жөнгө салуу үчүн чараларды көрөбүз. Башкача айтканда, жарандар үчүн өз алдынча чечүүгө мүмкүн болбогон кырдаалда чет жактагы расмий өкүл катары кызмат кылабыз.

 

-2025-жылы Россияда миграциялык саясат катаалдашты. Бул Башкы консулдуктун ишине кандай таасир этти?

-Иштин негизги бөлүгү чектөөлөргө кабылган биздин жарандарга укуктук колдоо көрсөтүү менен байланыштуу болду. 2025-жылдын башында консулдук округда 17 миң жараныбыз эмгектенип жаткан болсо, алардын 11 миңден ашыгы көзөмөлдөнүүчү жарандар реестрине (КЖР) миграция мыйзамдарын сактабагандыгы үчүн киргизилген болчу. 2025-жылдын 30-апрелине чейин берилген мөөнөттө болгон күчүбүздү жумшап, жарандарыбызга маалыматтык-түшүндүрүү иштерин активдүү жүргүзүп жаттык, бирок тилекке каршы укуктук абалдарын жөнгө салганга жетишпей калдык. 90% жарандарыбыз көзөмөлдөнүүчү жарандар реестринен чыкпай калып, Президентибиз Садыр Нургожоевич Жапаровдун кайрылуусу менен Россия Федерациясынын Президенти Владимир Владимирович Путин, миграцияда эмгектенип жүргөн чет элдик жарандарга, анын ичинде кыргыз жарандарына 2025-жылдын 10-сентябрына чейин өздөрүнүн укуктук абалдарын жөнгө салууга убакыт берди.

Бул шарттарда Башкы консулдук Министрлигибиздин талаптарына ылайык жумушту оперативдүү түрдө уюштуруп, түшүндүрүү иштери күчөтүлүп, кошумча телефон линиялары уюштурулуп, миграция органдары, кыргыз диаспорасы менен туруктуу кызматташтык түзүлдү.

2025-жылы Башкы консулдуктун консулдук кызматкерлери 64 жолу Ички иштер министрлигинин миграция бөлүмдөрүнө барышты. Ар бир сапар жарандар менен болгон конкреттүү кырдаалдарды талдоону камтыды. Жарандарды көзөмөлдөнүүчү жарандар реестринен чыгаруу максатында Ички иштер министрлигинин жана балдардын укуктары боюнча өкүлдөр менен 40тан ашык жумушчу жолугушууларды өткөрдүк.

Жеке кайрылуулардын жүрүшүндө, миграция борборлоруна жана милиция участкаларына сапарлар учурунда жарандарыбызга практикалык жардам көрсөтүлдү. Натыйжада, 600дөн ашык жаран өз укуктук абалын жөнгө салуу үчүн документтерин туура даярдоодо жардам алды. Болжол менен 4 миңден ашык жаран социалдык тармактар аркылуу консультация алды. Жыйынтыгында көзөмөлдөнүүчү жарандар реестринен 9 миңден ашык жаран чыгарылды.

2026-жылга карата консулдук округда 18 миңден ашык жараныбыз миграциялык каттоодо турат жана бардык миграциялык мыйзамдарды сактоо менен эмгектенип жатышат.

Бүгүнкү күнү Башкы консулдуктун иши дайыма оперативдүү реакцияны талап кылган мүнөзгө ээ болду десем жаңылышпайм.

 

-Жарандар сиздерге көбүнчө кайсы маселелер менен кайрылышат?

-Жарандар көбүнчө маселени өз алдынча чече албай калган учурда кайрылышат. Кайрылуулардын негизги бөлүгү миграциялык режимдин бузулушуна жана укуктук абалды жөнгө салуу зарылдыгына байланыштуу.

Мындан тышкары, эмгек келишимдериндеги талаштар боюнча кайрылуулар бар. Негизинен айлык акынын төлөнбөй калышы, жумуш берүүчүлөрдүн туура эмес аракеттери жана жарандарды кармоо менен административдик же кылмыш иштерине тартууга байланыштуу кырдаалдарда консулдук кызматкерлердин практикалык катышуусу талап кылынат.

2025-жылы Башкы консулдук 8 соттук жыйынга катышты. Жыл ичинде Чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу борборлорго 6 сапар жасады. Анда 97 жаран менен жолугушуулар өткөрүлдү. Мындан бөлөк, 12 түзөтүү мекемесине сапар жасалып, 138 жаран менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Жолугушууларда алардын абактагы шарттарын, саламаттыгын жана укуктарынын сакталуусун контролдоп, ошондой эле Кыргызстандын аймагына которуу боюнча көрсөтмөлөр жүргүзүлдү. Жыйынтыгында, КРдин Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматына 2025-жылдын ичинде консулдук округдан 93 жаранды Кыргызстанга экстрадициялоого жардам бердик.

Негизинен, ар бир маселе өзгөчө көңүлдү талап кылат: ата-энесиз калган жаш балдарды мекенге кайтаруу, каза болгон жарандардын денелерин жеткирүү (“Жүк 200”), үй-бүлөлөргө компенсация төлөмдөрүн алып берүү ж.б. маселелер. Бул биздин ишмердүүлүгүбүздүн эң жооптуу багыттарынын бири болуп эсептелет.

 

-Эмгек талаштарында жарандар үчүн реалдуу натыйжаларга жетише алдыңыздарбы?

-Натыйжалар бар жана алар принципиалдуу мааниге ээ. Башкы консулдук Новосибирск облусундагы Эмгек инспекциясы жана башка компетенттүү органдар менен тыгыз кызматташат. Ар бир кайрылууга көңүл бурулат.

2025-жылы жарандарыбызга 1,2 млн рублдан ашык айлык карызын өндүрүп бердик. Мындан башка, Россиянын Социалдык фондунун Новосибирск облусу боюнча башкармалыгы аркылуу өндүрүштөгү кырсыктан үй-бүлө мүчөсү, багар кишиси, каза болгондугуна байланыштуу бир үй-бүлөгө 2 млн рубль өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөөгө көмөк көрсөттүк.

 

-Консулдук округда канча кыргыз диаспоралык уюм иштейт жана алардын ролу кандай?

-Консулдук округга Россиянын 6 субъектиси кирет: Новосибирск, Томск, Омск, Кемерово облустары, Алтай Республикасы жана Алтай крайы. Бул аймакта 8 кыргыз диаспоралык уюм иштейт жана практикалык жактан алардын ролу чоң.

Кыргыз диаспоралык уюмдар биздин жарандар менен байланыш түзүүдө маанилүү ролду ойнойт. Алардын жардамы менен миграциялык мыйзамдардагы өзгөрүүлөр боюнча маалымат берүү, Россияда жашоо жана миграциялык тобокелдиктерди алдын алуу иштери жүргүзүлөт.

Диаспоралар алдын алуу иштерине да катышат, жарандарды мыйзамсыз аракеттерге, анын ичинде экстремизм, терроризм, баңгизаттарды колдонуу жана башка кылмыштуу аракеттерге тартпоого үндөйт.

 

-Консулдук округда кыргыз-россия маданий байланыштары боюнча кандай көрүнүктүү иш-чараларды диаспора менен биргеликте өткөрүп турасыздар?

Эң биринчи кезекте, албетте, бул Новосибирск облустук мамлекеттик илими-й китепканасында Чыңгыз Айтматов атындагы борбордун ачылышы болуп саналат. Жалпысынан, диаспоралык уюмдар менен иш туруктуу негизде түзүлгөн жана системалуу мүнөздө жүргүзүлөт.

2025-жылы биргелешкен иш-чаралар көп өттү. Алардын арасында Эгемендүүлүк күнүн майрамдоо; Кыргыз тили, Манас жана кыргыз адабияты күндөрүн өткөрүү; Эл аралык илимий-практикалык Айтматов окууларын өткөрүү; туризм чөйрөсүн даңазалоого, Кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталарыбызга, Улуу Ата Мекендик согуштагы кыргыз баатырларына, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган фотокөргөзмөлөр жана иш-чаралар; ошондой эле маданият жана диний кызматкерлер менен жолугушуулар, спорттук оюндар өткөрүлдү.

Кыргыз диаспоралык уюмдары кыргыз маданиятын, тилин, үрп-адаттарын жана салттарын сактоого, чет өлкөлөрдөгү мекендештерди бириктирүүгө жана Кыргызстанга болгон мекенчилдик сезимин бекемдөөгө чоң жардам беришет.

 

-Чет өлкөгө барууну пландап жаткан жарандарга кандай кеңеш бересиз?

-Эң биринчи кезекте, барууну пландап жаткан өлкөнүн кирүү жана болуу эрежелери, убакыт чектери жана миграциялык мыйзамдары, коомдук саясий абалы, маданий өзгөчөлүктөрү менен таанышууну сунуштайт элем. Бардык керектүү документтерди алдын ала даярдоо, паспорттун жарактуу мөөнөтүн текшерүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн даректерин жана байланыш телефондорун билип алуу маанилүү.

Мындан сырткары, бара турган өлкөнүн мыйзамдарын так сактоо керек. Эмгек укуктары менен байланышкан суроолорго көңүл бурууну, контракт түзүү менен расмий иштөөнү жана шектүү схемалардан алыс болууну сунуштайм.

Кыйын кырдаалдар жаралса, жарандар ар дайым Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине 24 саат иштей турган “ишеним телефону” аркылуу кайрылып, зарыл жардамды ала алышат. Бардык тиешелүү маалыматтар жана байланыш телефондору Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жайгаштырылган.

Сыргак Эсенбек

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар