Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн кыргызстандыктарды мекенине кайтып келип, өлкөдөгү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланууга чакырды. Бул тууралуу ал “Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы” медиадолбоорунун алкагында “Биринчи радиого” берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда ири инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылып, жаңы жумуш орундары түзүлүүдө. Темир жолдорду жана гидроэлектр станцияларын куруу үчүн мамлекетке квалификациялуу адистер керек. Учурда экскаватор айдоочулары менен трактористтер айына 80–90 миң сомдон кем эмес эмгек акы алып, бул көрсөткүч Россиядагы айлык акынын деңгээлине жакындаган.
Кулубаев эмгек миграциясы дүйнөлүк көрүнүш экенин белгилеп, өз өлкөсүндө, үй-бүлөсүнүн жанында эмгектенүү коопсузураак жана пайдалуураак экенин айтты.
“Бул жерде ипотека алып, өз мамлекетиңдин өнүгүшүнө салым кошууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар2, — деди ал.
Министр ошондой жергиликтүү адистер жетишсиз болгондуктан, айрым иш берүүчүлөр чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартууга аргасыз болуп жатышат.



