Кырсыктын кесепеттерин ыкчам жоюу, авариялык-куткаруу жана калыбына келтирүү иштерин натыйжалуу уюштуруу максатында Ноокен районунун аймагында III даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, 13-июлда Ноокен районуна караштуу Кочкор-Ата шаарында, Э.Алиев айыл аймагында, ошондой эле Момбеков айыл аймагынын Бостон, Курулуш жана Көп-Там айылдарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен кокту-колоттордон келген сел суулары турак үйлөрдүн короолорун, мал сарайларын жана соода жайларын каптап, материалдык зыян келтирген.
Учурда кырсык болгон аймактарда Жарандык коргонуу кызматтары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Селдин кесепеттерин жоюуга бардык тиешелүү күчтөр жана техникалар тартылып, аймактарды тазалоо жана калыбына келтирүү иштери уланууда.
Окуя болгон жерде облустук Жарандык коргонуу башчысы, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев абалга жеринде көз салып, кесепеттерди жоюу боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алууда.
ӨКМ жарандарды коопсуздук эрежелерин так сактоого, аба ырайы боюнча расмий маалыматтарды көзөмөлдөөгө жана өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 кызматына токтоосуз кабарлоого чакырды.



