Башкы беткеПрезидентАрслан Койчиев Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин бет ачарына катышты

Арслан Койчиев Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин бет ачарына катышты

Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев бүгүн, 14-июлда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу жөнүндө” китебинин бет ачар аземине катышты.

Иш-чарада сүйлөгөн сөзүндө Арслан Койчиев аталган эмгек заманбап мамлекеттик башкаруу, реформаларды ишке ашыруу жана эл аралык кызматташтык маселелерин камтыган маанилүү басылма экенин белгиледи. Ал Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк ийгиликтүү өнүгүп жатканын баса көрсөттү.

Мамлекеттик катчы ошондой эле мамлекеттик башкаруу, илимий жана гуманитардык тармактардагы кызматташтыкты кеңейтүү эки өлкөнүн өз ара түшүнүшүүсүн бекемдей турганын белгиледи.

Ошондой эле Арслан Койчиев китептин алгачкы үч тому кыргыз тилине которулганын, төртүнчү томдун котормосу аяктоо алдында экенин маалымдады. Ал келечекте бешинчи томдун кыргыз тилине которулушу маданий-гуманитардык байланыштарды мындан ары да чыңдоого өбөлгө түзөрүнө ишеним билдирди.

Аптанын эң көп окулгандары

Кыргыз Туусуна жазылуу

Акыркы жаңылыктар