Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жарандарды министрликтин ишмердүүлүгүнө байланыштуу коррупциялык көрүнүштөр тууралуу маалымат берүүгө чакырды.
Ведомствонун маалыматына ылайык, эгер жол куруу иштеринде, мамлекеттик сатып алууларда (тендерлерде), жүк жана жүргүнчү ташуу тармагында же министрликтин ишине байланыштуу мыйзам бузуу жана коррупциялык фактылар байкалса, жарандар тиешелүү маалыматты атайын QR-код аркылуу жөнөтө алышат.
Министрлик мындай кайрылуулар мыйзамдуулукту, ачык-айкындуулукту жана ак ниет башкарууну камсыздоого, ошондой эле транспорт тармагындагы коррупциянын алдын алууга өбөлгө түзөрүн белгиледи.
“Ар бир курулган жол, ар бир көпүрө, ар бир мамлекеттик каражат – элдин ишеними. Коррупцияга каршы бирге күрөшөлү”, – деп айтылат министрликтин кайрылуусунда.



